Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Депутат Алиярбек Абжалиевдин мурдагы жубайына катталган делген фирмалардын көпчүлүгү жоюлган жана катталгандан бери эч кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес (ФОТО)

10.03.2021 12:23
1939
Депутат Алиярбек Абжалиевдин мурдагы жубайына катталган делген фирмалардын көпчүлүгү жоюлган жана катталгандан бери эч кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес (ФОТО)


Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулаймановага катталды делген компаниялардын бир бөлүгү каттоого алынгандан кийин эч кандай ишмердүүлүк жүргүзүшпөгөнүн, ага байланыштуу ал компаниялар жоюлганын юристтери Kaktus.media сайтына айтып беришкени белгилүү болду.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын апрелинде аталган сайт Юстиция министрлигинин ачык маалыматтарына таянуу менен А. Абжалиевдин туугандарына, анын ичинде мурдагы жубайы Г. Сулаймановага катталган делген компаниялардын тизмесин жарыялаган эле. Анда Г. Сулаймановага 17 компания катталган деп белгиленген. Сулайманованын өкүлү Жибек Аджибекованын берген маалыматы боюнча, ошол компаниялардын ичинен үч компания гана учурда иштейт. Алар – «Металл Кен» ЖЧКсы, «Жол Чырак» ЖЧКсы жана «Бизнес Атрибут» ЖЧКсы. Бул компанияларда Г. Сулайманова жалгыз негиздөөчү эмес, негиздөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Аталган компаниялар өз ишмердүүлүгүн бардык укуктук нормаларды сактоо менен, өз мөөнөтүндө салык төлөмдөрүн төгүү менен жүргүзөт.

«Жол Чырак» ЖЧКсы көмүр казуу менен алектенет. Анда Сулайманова төрт негиздөөчүнүн бири болуп саналат. Компания 2010-жылы негизделген. Ал убакта Абжалиев мамлекеттик кызматта эмес эле. Ал 2005-2007-жылдары жана 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

«Сулайманова 2000-жылдан тарта ишкерлик менен алектенет. Ал өзүнүн ишкерлик ишмердүүлүгүнүн убагында жана бүгүнкүгө чейин өз убагында бардык салык жана башка төлөмдөрдү төлөп келет. Анын ишкерлик ишмердүүлүгү убагында тапкан кирешелеринин баары декларацияланган», - дейт Аджибекова.

Ал эми калган фирмаларда Гүлсара Сулайманова же негиздөөчү эмес, же 2000-жылдары түзүлгөн компаниялар жабылган. Мисалы, «Сегаарт» ЖЧКсы 2012-жылы ишмердүүлүгүн токтоткон. «Сорон» ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, экономикалык ишмердүүлүгүн жоктугуна байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тарта юстиция министрлигинде ликвидация стадиясында жатат. «БСТВ ОШ» компаниясы 2001-жылы түзүлгөн. Бул дагы экономикалык ишмердүүлүгүнүн жоктугунан гана эмес, айрым негиздөөчүлөрүнүн жоктугунан улам ликвидация стадиясында. «Кыргыз-кен компании» ЖЧКсы жана «Тай Хао» ЖЧКсы ликвидация болгон. «Китайско-кыргызская компания экономического развития - Ошская промышленная и торговая бондовая зона» 2016-жылы түзүлгөн. Бирок, түзүлгөн күнүнөн тарта эч кандай экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес, ал 2020-жылдын декабрынан тарта юстиция министрлигинде ликвидация стадиясында жатат. 

Ошондой эле юристтер «Дельфин де Люкс» пансионатына Сулайманованын эч кандай тиешеси жок экенин расмий билдиришти. Юстиция министрлигинин маалымат базасында да жок.

Юристтин айтымында, Сулайманова «Жети Ёг=з Майнинг», «Альбина Строй», «Софт Строй», «Мегастроймаркет», «Голден Трип» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн курамынан чыккан. Ага ылайык бул компанияларга эч кандай тиешеси жок.

МГУнун Кыргызстандагы илимий-билим берүү мектебине да Сулайманованын эч кандай катыштыгы жок. Буга чейин Kaktus.mediaнын макаласында Г. Сулайманова мында да негиздөөчүлөрдүн бири катары санала турганы айтылган.

Юристтин айтымында КР юстиция министрлигинде юридикалык жактарды каттоо көп деле маселе жаратпайт, каттоого алуу үчүн документтер берилгенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде ишке ашат. Ал эми кандай гана юридикалык жактын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттоо жүргүзүү таталыраак. Себеби ликвидация процесси негиздөөчүлөрдөн көз каранды эмес жана узагыраак убакытты талап кылат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тал
Кыскасы камалбайт екен