Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов бүгүн, 14-ноябрда комитеттин жыйынында ажалы менен каза болгон мусулман адамдардын сөөгүн өлүкканада кеспөөгө чакырды.
Депутаттын айтымында, каза болгон жаранда зордуктоонун белгиси болгон учурда гана кесүү керек.
"Биздин шайлоочулардан көптөгөн арыз түшүп жатат. Каза болгон адамдын туугандары кестирүүдөн баш тартса дагы аны экспертиза үчүн деп кесип, акча алып жатышканын айтышууда.
Анын үстүнө мусулман жаран каза болгондо анын денесиде зордуктоонун белгиси болбосо кеспеш керек",- деди депутат.
Ал эми Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова каза болгон жарандын туугандары сөөктү кестирүүдөн баш тартып, арыз жазса сөөктү кесүүгө жол берилбей турганын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн