Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 04:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат Айыл чарба министрлиги жайыттар боюнча долбоордун каражатын башка максатта пайдаланып жатат деп эсептейт

12.06.2023 14:16
417
Депутат Айыл чарба министрлиги жайыттар боюнча долбоордун каражатын башка максатта пайдаланып жатат деп эсептейт


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн “Аймактык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” келишиминин долбоорун сынга алды.


Алишер Эрбаев белгилегендей, департамент долбоордун каражатын башка максаттарга жумшоону көздөп жатат.


«Алар ким жооп берери боюнча так жооп бере алышпайт. Долбоордун негиздемесинде 9 миллион доллар деп жазылганы менен иш жүзүндө долбоордун жалпы суммасы 55 миллион долларды түзөт. Долбоор төрт компоненттен турат жана алар каражатты бир гана компонентке – 730 миң долларга питомниктерди курууга максаттуу пайдаланууну пландап жатышат. 221 миң доллар окууга, 570 миң доллар жетекчиликке кетет. Айыл чарба министрлиги 450 миң долларга имаратын оңдоп, 1 миллион долларга техника, 100 миң долларга компьютер сатып алууну көздөп жатат», - деди эл өкүлү.


Белгилей кетсек, буга чейин Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд Кыргызстанга 23 миллион доллар насыя жана 9 миллион долларды грант катары 40 жылга жылына 0,75 пайыз менен бөлөөрү маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн