Теке 16, 2025
Убакыт: 23:29
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.116
1.135

Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун жергиликтүү тургундарынын көйгөйлөрүн укту

16.07.2025 16:58
226
Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун жергиликтүү тургундарынын көйгөйлөрүн укту


Бүгүн, 16-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагына караштуу Келте, Баймак, Ызар айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөргөнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Депутаттын билдирүүсүнө карганда, жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар маселелер айтылган:

Таза суу маселеси;

- Айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө маселеси;

- Ызар айылына маданият үйүн куруу;

- Баймак айылындагы балдар бакчасынын имараты жараксыз абалга келген. Жаңы балдар бакчасын куруу маселеми;

- Кош-Алмурут айылындагы көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси;

- Ызар айылынын тургундары үчүн дагы жер тилкелерин берүү маселеси;

- Ызар айылынын Эшимбетов Жолдош көчөсүнө бир трансформатор орнотуу маселеси;

- Келте айылынын Бак участкасына да бир трансформатор орнотуу маселеси. 


Эл өкүлү бул маселелердин көпчүлүгү жергиликтүү бийлик тарабынан чечилерин айтты. Ал эми калганын тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилүүсүнө көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн