Теке 16, 2025
Убакыт: 02:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү

15.07.2025 18:13
204
Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү


Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы Сафет-Булан айылынынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар маселелер айтылган. Алардын олуттуулары төмөнкүлөр: 


 - Бир кожолукта 3-4 үй-бүлө жашайт. Айылда Тодо-Таш деген таштак эч ким пайдаланбаган жер бар, ошол жерди турак-жай курууга жер тилкеси катары берүү;

- Айылга бала-бакча курууга көмөк көрсөтүү;

- Ак-Там айылынан Сафед-Булан айылына чейинки жолду асфальттоо;

- Айылга ылайыктуу оорукана курууга көмөк көрсөтүү;

- Айылга чайхана курууга жер табуу;

- Бир кожолукка 700кв электр энергиясына лимит бар. Ал эми бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашаса, аларга коюлган лимит жетишсиз болууда, ошол лимитти жогорулатуу маселеси;

- Заркент посттун ачуу (Бул маселени парламент жыйынында буга чейин айтып чыккам).


Эл өкүлү жогорудагы маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилишине кол кабыш кыларын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн