Теке 18, 2025
Убакыт: 23:16
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Букадагы бир нече бала бакчалардын шарттары менен таанышты

18.07.2025 20:18
158
Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Букадагы бир нече бала бакчалардын шарттары менен таанышты


Бүгүн, 18-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районуна болгон иш сапарынын алкагында “Алтын”, “Күнчубак” жана “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (балдар бакчаларына) барып, алардын шарттары менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди.

     

“Бул балдар бакчаларынын имаратын жаңыртуу, кошумча корпус салуу, балдар ойноочу аянтчаларын оңдоп-түзөө, жаңы эмеректер менен камсыз кылуу сыяктуу маселелерин уктум”, - деп билдирди Турсунбаев. 

      

Эл өкүлү өлкө келечегине камкордук көрүү мына ушул балдар бакчаларынан башталарын баса белгиледи.


“Аларга жеткиликтүү шарттарды түзүү өтө маанилүү. Бул маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилүүсүнө аракет жасайбыз”, - деп кошумчалады Азизбек Турсунбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн