Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:15
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Депутат Бактыбек Турусбеков эки тараптуу пневмониядан айыкты

14.07.2020 15:47
938
Депутат Бактыбек Турусбеков эки тараптуу пневмониядан айыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков эки тараптуу пневмония илдетинен айыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июлда Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.


Буга чейин Турусбековго эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылганы маалымдалган.


Анын айтымында, жубайы экөө тең ооруп, учурда жакшы болуп калышты. “Бизде баары жакшы, оорудан сакайдык”, - деп жазды депутат.

 

Ошондой эле ал дарыгерлерге таазим кылып, терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Бактыбек Турусбеков көптөн бери күтүп жаткан кычкылтек концентраторлору келип түшкөнүн, жакынкы убактарда Ысык-Көл облустук жана райондук штабдарга зарыл керек болгон аймактарга таратып берүү үчүн жөнөтүлөрүн кошумчалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн