Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Бекешев чет өлкөлөрдөгү мекендештер боюнча өкмөткө бир нече талаптарды койду

29.06.2020 10:36
986
Депутат Бекешев чет өлкөлөрдөгү мекендештер боюнча өкмөткө бир нече талаптарды койду


Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттөн авикаттамдарды калыбына келтирүү жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерди кайтарып келүү багытындагы маселелерге жооп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал 29-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, жарандардын тоскоолдуксуз Кыргызстанга кайтып келүүгө толук укугу бар. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын 51-беренесинде жазылган. 


"Бирок республикалык штабдын чечими конституциялык нормалардан жогору турабы?" Түркия, Кипр, Германия, Россияга иш издеп, окууга кеткен мекендештерден күн сайын кат алып жатам. Алардын акчалары түгөнүп, айла жок тааныштарынын үйүндө түнөөгө аргасыз болушууда. Учактар качан учуп баштары боюнча республикалык  штаб жана премьер-министр дагы так жооп бербей жатат. А биздин кээ бир жарандар билет сатып алып, эми анын акчасын ала албай убара болуп жатышат. Мен өкмөттү түшүнүп турам, саламаттыкты сактоо тармагы урап бара жатат, пандемия күч алууда, бирок өз жарандарыбызды таштап салууга болбойт. Ошондуктан республикалык штаб жыйын өткөрүп, өкмөттөн Авиакаттамдар качан ишке кирет? Каражаты жок калган жарандарга өкмөт жардам бере алабы? Билет сатып алган жарандарга акчасы кайтарылып берилеби? деген суроолорго так маалымат беришин талап кылам" , - деп жазган депутат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн