Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат: Чек арада жабыркаган үйлөрдүн курулушу токтоп турат

21.07.2021 15:38
1048
Депутат: Чек арада жабыркаган үйлөрдүн курулушу токтоп турат



Баткен облусунда акыркы жолу болгон куралдуу кол салууда талкаланган үйлөр калыбына келтириле элек. Өкмөт үч айдан бери эч нерсе жасаган жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында айтты.


«Баткен окуясы болгонуна үч ай болуп калды, ал жерде бузулган үйлөрдүн пайдубалы гана салынып турат. Тажик тарап үйлөрүн куруп, элин киргизип койду. Биздики жарымы бүтө да элек, жомок айтып отурасыңар. Үйлөрү бузулган эл кыш келсе каяка барат? Каражат бөлүнгөн, пайдубалын куюп бүтө элексиңер»,-деди депутат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн