Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Депутат: Дарыгерлерге компенсациядан тышкары, премия жана наам берүү керек

11.06.2020 10:28
945
Депутат: Дарыгерлерге компенсациядан тышкары, премия жана наам берүү керек


Дарыгерлерге компенсация төлөөдөн тышкары, премия жана наам берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 11-июнда парламенттин жыйынында билдирди. 


Анын айтымында, дарыгерлерге компенсация берүүдөн тышкары премия дагы төлөө шарт. 


"Бирок, эң негизгиси алардын маянасын көтөрүү керек. Дарыгерлер коронавирус инфекциясынын соккусун биринчилерден болуп сезишти", - деди депутат. 


Белгилей кетсек, өз каалоосу менен взнос төлөөчүлөр үчүн эки эсеп ачылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы биринчи эсепте 138 миллион сом чогултулган, анын көп бөлүгү компенсацияга кеткен. Экинчи эсеп Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алдында ачылып, анда 17 миллион сом чогулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн