Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Максат Сабиров: Элчиликтерге каражаттар чындап эле бөлүнгөнбү?

30.04.2020 12:59
1027
Максат Сабиров: Элчиликтерге каражаттар чындап эле бөлүнгөнбү?


Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар элчиликтерге которулуп жаткан  акчалар тууралуу маселе көтөрүштү. Анда депутат Максат Сабиров консулдуктар менен элчиликтерге каражат бөлүнгөн же бөлүнбөгөнүн сурады. 

Ага министрлик бөлүнгөн деп жооп узатып, “Новосибирсктеги консулдукка да берилгенби?”, - деп Сабиров кайра суроо берди. 


“Россия боюнча 10 миллион сом бөлүндү. Новосибирсктеги консулдук менен биздин өкүлчүлүк иштеп жатат, эгер кошумча каражат керек болсо биз бөлүп берүүгө даярбыз”, - деп жооп узатты Тышкы иштер министри.


Максат Сабиров консулдуктар жана элчиликтер акча келбегенин айтып, нааразы болуп жатканын айтты.  

Ага Чынгыз Айдарбеков “жардам берилип жатат, турмуш экен айрымдары нааразы болуп жатышат. Негизинен жардам берүүлүдө”, - деп жооп берди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн