Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат Элдар Сулайманов автоунаалардын айнектерин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады

29.06.2022 12:39
380
Депутат Элдар Сулайманов автоунаалардын айнектерин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады. Ал парламенттин 29-июндагы отурумунда сүйлөп жатып Министрлер кабинети бекиткен азыркы бааны кымбат деп эсептей турганын айтты.

«Баасын 80 миң сом деп бекитишти. Бул жерде теңсиздик болуп жатат. Баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Караңгылатуунун баасы машиненин кыймылдаткыч көлөмүнө жараша берилсе болмок. Мисалы, бирден экиге чейин 20 миң, экиден үчкө чейин 40 миң, үчтөн төрткө чейин 60 миң, бештен жогору 80 миң болуп кала берсин», - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн