Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов шылуундарга карата чараларды күчөтүүнү сунуштады.
"Мен азыр боштондукка чыккан Гүлзат Мамытбек жөнүндө журналисттик иликтөө жасаганмын.
Ал 5 жаштагы баланын жүрөгүнө операция жасоо үчүн топтолгон 5 миң доллар акчаны алып кеткен. Ал пенсионерлер үй үчүн деп топтогон акчасын алып, алдап кеткен. Эми аны жакында сот бошотуп жибериптир.
Гүлзат Мамытбек сыяктуу "аферисттерге" чараны күчөтүш керек.
Алар шылуун. Мына азыр кооператив деп ачып алган. Күндө жаңжал",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн