КТРК - коомдук эмес, мамлекеттик канал. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, КТРК шайлоо учурунда талапкерлерге бирдей убакыт бөлбөйт.
"Коомдук каналдын бүгүнкү күндө коомдук эмес, мамлекеттик канал болуп калды. Мисалы, шайлоо учурунда талапкерлерге бирдей убакыт берилбейт.
Айрым мамлекеттик каналдарга өзүнчө каражат бөлбөй, КТРКнын карамагына өткөрүү керек. Ансыз да мамлекеттик каналдар карызда отурат",- деди Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн