Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат Кимсановдун абакта сабалышы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына кызыкты

25.06.2020 11:17
1241
Депутат Кимсановдун абакта сабалышы боюнча иликтөөнүн  жыйынтыгына кызыкты


Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  Дастан Бекешов СИЗОдо бажы кызматынын мурдагы өкүлү Эмил Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөө кандай жыйынтык көрсөткөнүнө кызыкты. 


Анын айтымында, Кимсановдун сабалышы ЖАМКта болгон жалгыз окуя эмес. 


"Анын сабалышы камерага түшүп калганы эле болбосо, мындай учурлар системалык түрдө болуп жатпайбы. Силер аны мойнуңарга алгыңар келбейт. Жүргүзүлгөн иликтөөңөр кандай жыйынтык көрсөттү?", - деп сурады депутат. 


ЖАМКтын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров бул факт боюнча иликтөө уланып жатканын билдирип: "Иликтөөнүн белгилүү бир механизми бар. Аны ЖАМК өзү жүргүзүүдө", - деди.  


Ал эми депутат иликтөө ЖАМК тарабынан жүргүзүлгөнү туура эмес  экенин айтып, тергөө прокуратура тарабынан жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. "Силер өзүңөрдү өзүңөр кантип иликтейсиңер?", - деди депутат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн