Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат: Кыргызстан мурунку президенттерин кубалаган өлкө аталбашы үчүн алардын соттук териштирүү иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берүү керек

05.07.2022 13:28
477
Депутат: Кыргызстан мурунку президенттерин кубалаган өлкө аталбашы үчүн алардын соттук териштирүү иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берүү керек


Кыргызстан мурдагы президенттерин кубалаган өлкө катары таанылбашы үчүн аларга соттук териштирүүлөргө катышып, пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындай пикирин бүгүн, 5-июлда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сотко онлайн катышуу ниетин билдирген интервьюсу боюнча пикирин айткан депутат мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев да келип, көрсөтмө берип кеткенин белгиледи.

“Биз президенттерин кууган өлкө болуп калбаш үчүн соттук териштирүүнү аягына чыгарып, эгер катышып, көрсөтмө берсе, көрсөтмөсүн алышыбыз керек. Апрель окуялары боюнча көп сөз бар да. Ошондуктан тактап коюш ашыкча болбойт деген ойдомун”, - деди Ормонов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн