Чын курандын 23, 2025
Убакыт: 21:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.040
1.090

Депутат МИК аркылуу мугалимдер жана дарыгерлерге үйлөрдү кезексиз берүүнү сунуштады

23.04.2025 15:13
28
Депутат МИК аркылуу мугалимдер жана дарыгерлерге үйлөрдү кезексиз берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров парламенттин жыйынында мугалимдер менен дарыгерлерден мамлекеттик ипотека аркылуу кезексиз же өзүнчө кезек менен үй алуу боюнча суранычтар келип жаткандыгын билдирди.

Эл өкүлү Мамлекеттик ипотекалык компанияга мугалимдер менен дарыгерлерди өзгөчө кезек менен кароо сунушун берди.


“Биз билим берүүнү биринчи орунга коюп, мугалимдерди колдоого алышыбыз керек. Кыргызстан боюнча орто айлык 40 миң деп белгиленсе, мугалимдердин айлыгы 26 миң деп жатышат. Финансы министрлиги быйыл айлыкты көтөрүү каралбай тургандыгын билдирди. Бирок, ошол эле көптөгөн мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы төмөн болгондуктан үйлөрү да жок. Үй алайын деп Мамлекеттик ипотекалык компанияга узак кезектерге туруп жатышат.


Өткөн жумада билим берүү жана илим министри отчет берип жатып, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 6 миң 300гө жакын мугалим башталгыч класстарга жетишсиз экендигин айтты. Бул маселени чечүү үчүн студенттерди, окуу жайды жаңы бүткөн жаштарды мугалимдикке кабыл алганы турушат”,- деди Абакиров.


Сөзүнүн акырында Кыргызстандын келечеги бул адамдык ресурс болгондуктан билим берүү, мектеп маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн