Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Депутат: Региондордо бензин 85 сомдон сатылып жатат

10.11.2021 12:50
355
Депутат: Региондордо бензин 85 сомдон сатылып жатат

Региондордо бензин 85 сомдон сатылып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.


Анын айтымында, бийлик күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөй албаса, көмүрдүн баасын көзөмөлдөшү зарыл.


“Кээ бир аймактарда бензиндин баасы 85 сомго жетти. Ал сырттан келгендиктен “эч нерсе кыла албайбыз” дедиңер. Бирок өкмөт көмүрдүн баасын түшүрөбүз деп айткан. Бүгүнкү күнгө чейин баа арзандабай жатат. Өзүбүз өндүргөн көмүрдүн баасын эмнеге түшүрө албай жатабыз? Электр энергиясы боюнча үч фазаны кыркып кетип, жарандар чай кайнатып иче албай калды”, - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн