Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутат: Шайлоо алдында партиянын "алтын тизмесинин" баасы 1 млн долларга чыгат

13.07.2021 13:16
1360
Депутат: Шайлоо алдында партиянын "алтын тизмесинин" баасы 1 млн долларга чыгат

Шайлоо алдында партиянын "алтын тизмесинин" баасы 1 млн долларга чыгат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов комитеттик отурумда билдирди.


Анын айтымында, партиянын тизмесиндеги талапкерлердин санын 55-65ке түшүрүү керек.


"Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүүнүн кесепетин былтыр октябрда көрдүк. Шайлоо алдында талапкер 100 миң долларын көтөрүп алып чуркап жүрдү.

Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин санын кыскартыш керек.

Алдыдагы шайлоодо "алтын тизменин" баасы 1 миллион доллар болот деген сөздөр айтылып жатат.

Мындан партиянын лидерлери эле пайда табышат",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн