Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырууну талап кылган митинг өттү.
Митингге үч кыз катышып, алар депутаттын сунушуна каршы пикирин билдирип, депутатты мандатын тапшыруусун талап кылышты.
Эске салсак, кечээ депутат Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен жана турмушка чыккандан кийин жөнөтүүнү сунуштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн