Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат: СИЗОдо сабалган Эмил Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн

18.06.2020 11:26
916
Депутат: СИЗОдо сабалган Эмил Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн


СИЗОдогу бажы кызматынын мурдагы өкүлү Эмил Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн, деди  Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 18-июндагы парламенттин жыйынында. 


Анын айтымында, акыркы убакта СИЗОдо кармалгандардын сабалганы боюнча видеолор тарап жатат. Бирок, ЖАМК жоопкерчликтен качып, аларды  фейк деп атап жатат.


"Мындай жапайчылык болбошу керек. Эмил Кимсановдун сабалганы боюнча качан териштирүү башталат?", - деди депутат ЖАМКтын өкүлүнө кайрылып. 


Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айбас Кадыров бул факт боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтты. 


"Бул боюнча текшерүү жүрүүдө. Бирок, Кимсанов көрсөтмө бербей жатат", - деди ал.


Д.Бекешев өз кезегинде: "Ал корккондуктан көрсөтмө бербей жатат да. Эгер ал көрсөтмө берсе, аны кайра сабап, же болбосо өлтүрүп салышат. Силер муну жакшы түшүнүп турасыңар. Тартип орнотуу керек", - деди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн