Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катарында кызмат өтөгөн жоокердин сабалышы боюнча ишти башкы прокурор өзү көзөмөлгө алышы керектигин билдирди.
"Ата-энелер балдарын мекенге кызмат кылсын, мекенди коргосун деп кызматка жөнөтөт. Ал кызматта болсо башкалар эмес өзүбүздүн балдар бири-бирин сабап жатат.
Беловодск айылында сабалган жоокердин ишин башкы прокурордун милдетин аткаруучу өзү жана сиз, төрага, жеке көзөмөлгө алууңузду суранам",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн