Депутат Акбөкөн Таштанбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна тынчсызданууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Парламентарийдин айтымында, министрлер кабинетинин отчетуна караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жалгыз эле бүтүндөй өлкөнүн бюджетин толтурган.
«Ал кылмыштуулук менен күрөшүп жатат, бирок мамлекет Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүн коргоого чара көрүп жатабы?", - деп сурады.
Ал эми министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы менен УКМКнын төрагасын жана анын үй-бүлөсүн коргоо чаралары күчөтүлгөндүгүн билдирди.
«Биз аны коргошубуз керек. Өзү жөнөкөй, сурабайт, өзүн ойлобойт”,- деп жыйынтыктады Акбөкөн Таштанбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн