Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Депутат: Укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен эл өзү кылмышкерлерди соттоого мажбур болууда

09.12.2021 11:43
432
Депутат: Укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен эл өзү  кылмышкерлерди соттоого мажбур болууда

Укук коргоо органдарынын кайдыгерлигинен эл өзү  кылмышкерлерди соттоого мажбур болууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.


Анын айтымында, укук коргоо органдары ыкчам чара көрбөй, же соттор кылмышкерлерди актап жибергендиктен эл өзү соттоого мажбур болууда.


"Жакында 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча айтыйын. Биз мурда зордукталыптыр дегенди кээде-кээде укчу элек. Азыркы учурда абдан зордуктоо көбөйүп кетти.


Буга укук коргоо органдарынын да кайдыгерлиги, аракетсиздиги себеп болду.

Зордуктаган кылмышкерлерди соттор актап жибергендиктен эл ишенбей калды да. Эл да бир жактан туура кылат. Алар мыйзамдуу жол менен өкүмдү күтсө зөөкүрлөр акталып кетип жатат",- деди депутат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн