Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Жаныбек Абировдун мушташканы боюнча президентке маалымат берилди

13.03.2023 11:11
249
Депутат Жаныбек Абировдун мушташканы боюнча президентке маалымат берилди

Президент Садыр Жапаровго Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт", - дейт Султанбаев.


Белгилей кетсек, Бишкекте ресторандардын биринде мушташ болгондугу тууралуу видео социалдык тармакта тараган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштерин баштады. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташка катышкандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн