Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
Жыйында Эльвира Сурабалдиева интернеттеги фейктер менен эмес, алгач жашоодогу фейктер менен күрөшүү керектигин айтты.
Анын айтымында, адамдар адилетсиздикке туш болуп, айласы кеткенде интернетке жазышат.
"Милиционерлер жана дарыгерлер аларга компенсация төлөнбөй жаткандыгын интернетке жазышты. Алар ачык айткандан коркушат. Жарандар интернет аркылуу гана көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Ишкерлерге дагы жашыруун номурлар аркылуу коркутуулар болот. Алгач чыныгы жашоодогу фейктер менен күрөшпөйсүңөрбү?", - деди депутат.
Ошондой эле, Сурабалдива эгерде кайрадан өзгөчө абал киргизиле турган болсо адамдар көйгөйлөрүн бир гана интернет аркылуу жеткире алышарын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн