Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутат: Же парламент кетиши керек, же министр кетиши керек (видео)

31.05.2021 17:22
1046
Депутат: Же парламент кетиши керек, же министр кетиши керек (видео)


Же парламент кетиши керек, же министр кетиши керек. Мындай пикирин депутат Сайдулла Нышанов ЖКнын тармактык комитетинде билдирди.


“Мен сизди 15-16 жылдан бери билем. Жакшы  хирургсуз. Бирок, министр катары болбой калды. Сиз азыр президенттин артына туруп алып, күчкө салып атасыз да, парламентти дагы. Тоготпойсуз, келбейсиз. Керек болсо парламентти кетирем дейсиз. Бирок, мунун баары убактылуу. Мен үч чакырылышта тең депутат болуп, сизден  дагы чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм, бирок акыры жакшы болгон жок. Биринчи, элди сыйлап койсоңуз болот. Экинчи, парламентти арасында начары дагы бардыр, бирок жакшылары дагы бар да. Бирок, ушуларды дагы сыйлап койсоңуз. Иштей турган болсоңуз күнү-түнү чуркап иштешиңиз керек. Сиз реклама кылганды жакшы үйрөнүп алыпсыз. Орун басарларыңызды кетирдиңиз иштебейт деп. Аравандык замминистр Каратаев, былтыр ковид болгондо ошондон башкасынын баары бекинип алды да. Ошол киши жанын сайып жүрүп иштеди. Сиз аны критика кылып атып кетирдиңиз. Мен ойлойм, бул сиз жактан туура болбой калды деп. Эми уу коргошун дейсиз. Өзүңүз окумуштуу, тажрыйбалуу врачсыз. Дүнүйө күлүп атат да. Сиз медицинаны жаман кылдыңыз”, - деп сындады депутат Сайдулла Нышанов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн