Кыргызстандын коммерциялык банктары өтө жогору пайыз менен насыя беришет. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.
Анын айтымында, 20-30 пайыздык үстөк бир дагы коңшу өлкөдө берилбейт. Эл өкүлү Улуттук банктын жетекчисине кредиттик саясатты өзгөртүү маселесин кароону сунуштады.
«Банктар жылына 30 пайыз менен насыя беришет. Бул акыры ишкерлердин банкрот болушуна алып келет. Кыргызстанда 30 жылдан бери насыя алган ишкерлерди коргой турган бир дагы мыйзам иштелип чыккан эмес. Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Бизде кредиттин үстөк пайызы жогору – жылына 20-30 пайыз. Мындай көрүнүш бир дагы кошуна мамлекетте жок. 30 пайыз менен насыя берүү - бул ишкерлерди банкротко алып баруучу саясат. Коммерциялык банктар биздин жарандардын терисин сыйрып, эл кредиттик системанын барымтасына айланып, миллиондогон адамдар ушундан улам чет өлкөгө кетип жатышат. Кредиттик үстөктү жок дегенде 10 пайызга түшүрүшүбүз керек, 30 пайыз өтө эле көп. Коңшу мамлекеттерде 8 пайызга чейин насыя берет», - деди ал.
Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстанда пайыздык үстөктөр дээрлик коңшу мамлекеттер менен бирдей деп жооп берди. Бир гана нерсе, анын айтымында, Россияда төмөн пайыздагы насыялар берилип жатат.
«Коңшу өлкөлөрдө кредит саясаты анча деле айырмаланбайт. Башка өлкөлөрдө ооба, чынында эле, кредиттер төмөн пайыз менен берилет. Жалпысынан сиздин идеяңызды колдойбуз. Биз бул багытта иштеп жатабыз. Мамлекеттик эки ири банк – «РСК Банк» жана «Айыл Банк» бар. Чет өлкөдөн кредиттик ресурстарды тартуу максатын койдук. Ошол эле учурда бул банктардын капиталы ири банктардын ишенимин жаратпайт. Ошондуктан биз бул банктардын капиталы жок дегенде 100 миллион доллар болушун же 200 миллион долларга жетүүсүн каалайбыз. Биз алардын кредиттик ресурстарды тартуусун каалайбыз. Пайыздык ставкаларды төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө министрлер кабинети эки мамлекеттик банктын капиталын 100 миллион долларга көтөрдү», - деди Кубанычбек Бөкөнтаев.
Ал белгилегендей, ошол эле учурда банк аманатчыларынын саны 5 миллиондон ашык, ал эми насыя алгандар 500 миңден ашат. «Эгерде биз жогорку пайыздык чендер жөнүндө айта турган болсок, анда банк каржылык ортомчу экенин билишиңиз керек. Алар бул акчаны депозиттердин эсебинен берип жатышат», - деп түшүндүрдү Улуттук банктын жетекчиси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн