Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат коронавирустан каза болгон медиктерге эстелик тургузууну сунуштады

15.04.2021 12:10
1225
Депутат коронавирустан каза болгон медиктерге эстелик тургузууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов коронавирустан каза болгон медиктерге арнап эстелик тургузууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.


Анын айтымында, оору кайрадан күчөп жатат жана медиктерди керектүү каражаттар менен камсыз кылуу керек.


«Өзүңүздөр билесиздер, башында атайын коргоочу формалары жок, жылаңач колу менен ооруга каршы кармашып келишти. Азыркы учурда мамлекет тараптан көңүл буруу жакшы. Бирок, көзү өтүп кеткен медицина кызматкерлерине эстелик тургузуу боюнча демилге көтөргөн врачтар бар. Демөөрчүлөр да бар. Сиздерге кайрылаарым, күн тартибине коюп, өкмөткө тапшырма берсек. Шаардын көрүнүктүү жеринен орун бөлүп берсе, ошол эл үчүн иштеп, курман болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузсак", - деди Өмүркулов.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мамытбай Салымбеков
Гипократтын антынан кайтпаган оздоунун жанын аябай кандаф катал учур болбосун элдин денсоолуктарын ойлогон МЕДИКТЕРГЕ ЭСТЕЛИК БУЛ ТУУРА СУНУШ колдойбуз.
Бекхан
Ооба эстелик тургузуп адамдардын эмгегин булоо бул жакшы нерсе. Бирок азыркы шарт эстелик тургузуп турган учур эмес. Азыр олко колдоого муктаж болуп турат. Эстелик же кандайсын бир ото зарыл болбогон иштерге жумшалатурган каражатты экономикасын которууго жумшоо туура болчудай.