Кулжа 19, 2025
Убакыт: 18:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Депутат машиналарды эвакуациялоо бизнеске айланганын билдирди

19.06.2025 13:49
20
Депутат машиналарды эвакуациялоо бизнеске айланганын билдирди


Жогрку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев машиналарды эвакуациялоо бизнеске айланганын айтып, мындай ыкманы токтотууну сунуштады.


Эл өкүлү автоунааларды эвакуациялоо үчүн 2000 сомдон алынарын белгилеп, бул өзүнчө бизнеске айланганын билдирди. Анын айтымында, мындай ыкманы токтотуп, машина токтотулган жерден эле айып пул төлөтүү тартибине өтүү зарыл. 


"Эвакуацияга, айып короодо турганы үчүн өзүнчө акы алынат. Айрым учурларда унаалар зыянга учурайт, талкаланып калат. Нааразы болгондорго "сотко кайрылгыла" деп коюшат, бирок сотко кайрылуу андан да көп чыгым алып келет", — деди Бекешев. 


Ал эвакуациялоону ири коомдук иш-чаралар учурунда же өкмөттүк маанидеги трассаларда гана колдонууну сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн