Азыр ооруканаларга таракандар түз маанисинде кол салууда, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.
Эл өкүлдөрү жарандардын саламаттыгына байланыштуу мыйзам долбоорлорун карап жатат. Аларды кабыл алууда, жазууда жалаң депутаттар катышканына эл өкүлү нааразы болду.
“Биздин ооруканаларда коррупция бар. Документтер боюнча баары жайында, бирок чындыгында социалдык тармактарда медициналык мекемелерде таракандар чуркап жүргөн видеолор бар. Бул чын эмеспи? Чын.
Мен бул жерде дагы үч жыл отурам. Мен кайтып келемби же жокпу, аны бир Кудай билет. Мунун баары башка бирөөнө керекпи? Белгисиз. Ошондуктан бардык министрликтер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарышы керек деп айтам”, - деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн