Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Бул тууралуу "Кактус.медиа" редакциясы өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, депутат Бакиров саат 18:00дө суракка кирген. Ал бир жарым сааттык сурактан кийин кайра чыккан.
Эскерте кетсек, буга чейин депутат Өмүрбек Бакиров аны мандатынан ажыратуу аракети болгонун айтып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн