Баш оона 23, 2025
Убакыт: 02:55
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Депутат окуу мезгилин адаттагыдай 1-сентябрдан баштоону сунуштады

06.06.2022 16:17
1281
Депутат окуу мезгилин адаттагыдай 1-сентябрдан баштоону сунуштады

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы окуу мезгилин адаттагыдай эле 1-сентябрдан баштоону сунуштады.


Анын айтымында, азыркы учурда күн ысып кеткендигине байланыштуу окуучулар чарчап, кабыл алуу жөндөмү жок болууда.


"Белгилүү болгондой быйыл окуучулар менен студенттер 8-июнга чейин окуйт. Биздин мектептерде 40-50 бала окуйт.

Күн ысып кеткендигине байланыштуу алар чарчап, билим алуунун натыйжасы болбойт.

Ошондуктан кийинки окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрдан башташ керек",- деди депутат.


Билим берүү министрлигинин өкүлү бул маселе боюнча ата-энелер да көптөгөн арыз менен кайрылып жатканын билдирип, министрлик маселени карап чыгып жообун жарыялай турганын кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн