Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 18:53
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Депутат: "Кыргызстандын эгемендүүлүгү Баткенден башталат"

01.09.2021 17:38
870
Депутат: "Кыргызстандын эгемендүүлүгү Баткенден башталат"


31-августта Баткен шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир катар майрамдык иш-чаралар өттү. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Атап айтканда, килем токуучулардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, өрүк фестивалы, спорттук мелдештер уюштурулду.


Иш- чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.


"Кыргызстандын эгемендүүлүгү Баткенден башталат. Андыктан, эгемендикти чыңдайлы десек, Баткендин экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо турмушун жакшыртууга тийишпиз",-деди эл өкүлү.


Майрамдык иш-чаралар бүгүн да улантылды. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн