Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине 2000ден ашык беткап тапшырды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактардагы жеке баракчасында билдирди.
Ал беткаптарды "Тазалык" ишканасынын Октябрь жана Биринчимай райондук кызматкерлерине тапшырды. Буга чейин троллейбустардын айдоочуларына жана №6 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлерине жана карылар үйүнө дагы беткаптарды тараткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн