Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова сөз эркиндигин чектөөнүн ордуна маалыматтык деңгээлди көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Аманова парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, элдин маалыматты тандап алуу деңгээлин жогорулатуу керек.
"Биз азыр жалган маалымат деп айрым адамдардын оозун жаап койобуз. Сөз эркиндигин чектөөнүн ордуна элдин маалыматтык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүшүбүз керек.
Бир фейк аккаунт жалган маалыматты тараткандан кийин деле өчүрүп чыгып кетип жатат. Ошондуктан калп маалымат менен чындыкты айырмалай турган аракеттерге барышыбыз керек",- деди Аманова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн