Жогоку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаш балдарды зордуктаган адамдарды бычууну сунуштады. Бул тууралу депутат ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, зордуктоого мыйзам менен чектөө коюш керек.
"Биз өткөн чакырылышта ушундай сунушту көтөргөнбүз. Депутаттар макул болуп, колдоп берген.Бирок президент каршы болгон. Президенттин өкүлүнө кайрылат элем, өлкө башчы да акыркы окуялардан кабардар. Жакында Кара-Сууда 26 жаштагы жаран 7 жаштагы кызды зордуктаптыр.
Буга байланыштуу химиялык түрдө зордукчуларды бычууну сунуштайт элем. Казакстанда аталган мыйзам эки жылдан бери натыйжасын берип калды",- деди депутат.
Пикирлер (7)