Депутат Айсулуу Мамашова зордук-зомбулукка кабылган аялдарды кесиптик билим берүү жайларынан бекер окутууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Өкмөттү зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдарды кесиптик билим берүү жайларынан бекер окутуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга чакырып, жабыркагандарды ар тараптуу колдоо керектигине токтолду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн