Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:16
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Депутаттар Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштады

26.01.2021 13:33
1042
Депутаттар  Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары мурдагы спикер Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков Ысык-Көл облусунда чет элдик эс алуучулар үчүн казино ачуу сунушу коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтына жарыяланды.


Депутаттар бул долбоорду мамлекеттин экономикасына салым кошуу, туризмди өнүктүрүү үчүн сунуштаган.


Эске салсак, 2012-жылдын 1-январында Кыргызстанда кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин белгилеп өтүшкөн.


"Кумар оюндарынын катышуучусу чет мамлекеттин жараны болуп саналат",-деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.


Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.


Казино "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен курулушу болжолдонгон.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Елге керектуу мыйзам жазышка мее жетпесе казино ачат да булар.