Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 07:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевди тепкилегени менен ал жакшы иштеп жатат,- Жапаров

26.04.2021 23:27
1667
Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевди тепкилегени менен ал жакшы иштеп жатат,- Жапаров


Президент кадр саясаты тууралуу "Турмуш" басылмасына берген маегинде токтолду. Анда министрлердин деңгээли тууралуу да айткан.


"Мисалы, 3 айдан бери иштери алдыга жылбай жаткан министрликтер да бар. Ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар.


Мисалы, саламаттыкты сактоо министрин Алымкадыр Бейшеналиев депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок, ал чынында эле жакшы иштеп жатат.


Өзү министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.


3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100% көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50% көтөрүп бердик.


Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду.


Жакында келип калат. Мобилдик клиника алып жатабыз. Бүт облустарды кыдырат. Абдан чоң клиника болот. Нарындан баштайлы деп жатабыз. Нарынга барып, облустун элин бекер дарылайт, бекер көрөт, хирургиялык операциялар акысыз жүрөт. Томографиясы да бар.


Ал жердеги медиктердин да эмгек акысы чечилди. Абдан жакшы эмгек акы алып иштешет. Эң негизгиси 5 жыл ичинде элибизди бекер дарылайбыз. Дарысы да, операциясы да, караганы да бекер болот. Араб туугандар жардам берип жатат",- деди Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн