Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Депутаттар Кыргызстанда "Яндекс таксини" жабууну талап кылды

21.09.2021 12:14
367
Депутаттар Кыргызстанда  "Яндекс таксини" жабууну талап кылды

 «Яндекс» маалыматтык-технологиялык компаниясынын такси кызматы Кыргызстандан миллиондорду алып чыгып кетип жатат. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов парламенттин тармактык комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында айтты.


Депутаттын маалыматында, «Яндекстин» Кыргызстанда катталган өкүлчүлүгү салык төлөйт, компания өлкөгө салык төлөбөй келет.


«Мен бул маселени төрт жылдан бери айтып келе жатам. Салык кызматына канча жолу кат жаздым. Компания бир тыйын салык төлөбөйт. Уюлдук тиркемеси менен 5 миңден ашык кыргызстандык жаранды иштетет, алар үчүн салык төлөтсөк, миллиард сомго чыгып кетет. Алар башка таксилерди кысымга алышат. Ошол эле учурда тарифтерди негизсиз көтөрүшөт, эл кыйналып жатат. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Баалар элге жеткиликтүү болушу керек. Туура, тиркемеси жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок компанияга салык төлөтүү керек. Казакстанда соттун чечими менен иштешине тыюу салынды», — деди Улукбек Ормонов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн