Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин структурасын түзүүгө жетишпей калды. Мындан улам, Жогорку Кеңештин структурасы жаңы жылдагы отурумдарда аныкталат.
Ошондой эле депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын да тандай алган жок.
Кечээ Жогорку Кеңештин структурасын бекитүү боюнча комиссия түзүлүп, 7 комитет түзүүнү сунуштаган. Бирок бул сунуш Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары тарабынан четке кагылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн