Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутаттардын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн этика комиссиясын түзүү сунушталды

29.06.2022 16:25
453
Депутаттардын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн этика комиссиясын түзүү сунушталды


Парламентте депутаттарын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн этика комиссиясын түзүү сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин жаңы регламенти каралып жаткан учурда эл өкүлү Айсара Абдибаева көтөрдү.

Эл өкүлү VII чакырылыш келгенине алты ай болгонуна карабай интригадан бошобой иштегенге мүмкүн болбой калганын айтты. Ошондой эле ал бардык депутаттар шайлоо алдында жакшы жакка өзгөрөбүз деп убада бергенин эске салды.

"Этика комиссиясын түзүп, курамына ар бир фракция жана Элдик топтон бирден аял, эркектен киргизсек. Депутаттардын жоопкерчилигин, тартибин, этикалык нормалардын сакталышын көзөмөлдөй турган комиссия түзүп алсак. Парламентарийлердин деңгээлин карап, жүрүм-турумун көзөмөлдөп турбаса болбойт. Акыркы мезгилде интрига көбөйүп кетти. Тартип, жоопкерчилик бар жерде ийгилик болот", — деди Абдибаева.

Регламенттин авторлорунун бири Марлен Маматалиев өзүнчө комиссия түзүүгө негиз жоктугун, мындай укук тармактык комитетте дагы бар экенин айтты.

Ал эми Дастан Бекешев депутат кандай жүрүшүн шайлоочудан башка эч ким көзөмөлдөбөшү керектигин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн