Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутаттыкка талапкер Улан Примовго эскертүү берилди

11.11.2021 16:31
801
Депутаттыкка талапкер Улан Примовго эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы, 10-ноябрда өткөн отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №11 Алай округунан талапкер Улан Примовго эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.



 Белгилүү болгондой, Примов шайлоо белгиленгенден кийин, сентябрь айында өзүнүн соцтармактардагы баракчасына кайрымдуулук иштерин жарыя кылганы мыйзамсыз деп арыз ээлери даттанышкан.



Арызда «Примов Жошолу айылынын тургунуна элдин көзүнчө үйдүн ачкычын тапшырганын, айрым үй-бүлөлөргө акча жана кышкы кийимдерди бергени, мугалимдер күнүндө сынакта утуп чыккан окутуучуларга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана башка баалуу белектерди бергени» тууралуу айтылган. Ошондой эле, Мады жана Керме-Тоо айылдарынын ортосундагы мелдештин жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө жолдомо менен автоунаа белек кылганы жазылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн