Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Примаковдун небереси “Россотрудничество” мекемесин жетектейт

25.06.2020 20:36
924
Примаковдун небереси “Россотрудничество” мекемесин жетектейт


Мамлекеттик думанын депутаты, Россия өкмөтүнүн мурдагы төрагасы Евгений Примаковдун небереси Евгений Примаков Тышкы иштер министрлигине кызматка өткөн Элеонора Митрофанованын ордуна “Россотрудничество” (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин иши жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттик) мекемесине жетекчи болуп дайындалды.


Дайындоо жөнүндө жарлыкка 25-июнда Президент Владимир Путин кол койду.


Евгений Примаков депутат болгонго чейин 2002-жылдан тарта ТВС, НТВ, “Россия-24”телеканалдарында журналист болуп иштеген. 2017-жылы ал президенттин квотасы боюнча Коомдук палатанын курамына киргизилген жана ошол эле жылы Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин кеңешчиси болуп дайындалган.


Евгений Примаков 2018-жылдагы толуктап шайлоолордо Мамдуманын депутаттыгына шайланган. Азыркы жаңы кызматына чейин ал эл аралык иштер боюнча думалык комитеттин курамында болгон.


Евгений Александрович Примаков (Евгений Сандро) 1976-жылы 29-апрелде Москва шаарында туулган. 5 жашында атасынан ажыраган. 1999-жылы Россия мамлекеттик гуманитардык университетин “тарых” адистиги боюнча аяктаган. ЖМКларда иштөө үчүн атасынын урматына “Евгений Сандро” псевдонимин алган.


2018-жылы президенттикке талапкер Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн