Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Азыркы жаштарыбызга Алымбек даткадай инсандардын үлгүсү керек”

07.12.2023 10:45
876
Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Азыркы жаштарыбызга Алымбек даткадай инсандардын үлгүсү керек”


- Динара айым, сиз жаңы эле борбордук трибунадан сөз сүйлөп, Алымбек датканын эл үчүн кылган эмгеги ушу кезге чейин татыктуу бааланбай келатканын айттыңыз. Сиздин оюңузча, татыктуу бааланышы үчүн эмнелерди жасоо зарыл?


- Келерки жылы Алымбек датка бабабыздын 225 жылдыгы белгиленет. Бирок, ушу кезге чейин бир жолу дагы чоң илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөптүр, олуттуу кинотасма жок, архивдик булактардан алынган жакшы китеп чыкпаптыр ал жөнүндө. Алымбек датканын кыргыз тарыхындагы ролу өтө чоң. Алымбек датка дагы, Курманжан датка да тарыхтагы биздин феномен инсандар. Азыркы биздин жаштарыбызга ошондой инсандардын үлгүсү керек. Албетте, той, юбилейлер деле жакшы нерсе, алар элди бириктирет. Бирок менин оюмча, кайра-кайра көрө турган тасмалар, так иликтенген маалыматтарды камтыган китептер зарыл. Симпозиумдарды өткөрүп, тарыхчыларыбызга атайын колдоо көрсөтүп, терең изилдөөлөрдү жүргүздүрүү керек.


- Алымбек датканын 215-220 жылдык мааракелери ар кандай себептер менен белгиленбей калган экен. Эми келерки жылы 225 жылдыгы өтөбү?


- Биз азыр эки комитеттин чечимин чыгартабыз. Кудай буюрса, мен ошого аябай аракет кылам. Анан министрлер кабинетинин да чечимин чыгарабыз. “Алымбек датка” фонду да кайрылып, презентация өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Министрлерди, депутаттарды чакырышат экен. Ал жерде да сөз кылабыз. Өлкө башчысына жеткирсек, ал киши биздин демилгени колдоп берсе, мен ишенем, келерки жылы юбилейди өткөрөбүз.


- Сиз өзүңүз анын урпагы эмессизби?


- Ооба, туугандыгыбыз бар, биз баарыбыз тооке уруусунан болобуз. Курманжан датканын музейинде алардын тукумунун бир бутагы катары менин ата-бабаларымдын да ысымдары жазылып турат. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн