Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Экономикалык, моралдык зомбулукка туш болгон эркектер бар”

03.10.2023 11:04
284
Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Экономикалык, моралдык зомбулукка туш болгон эркектер бар”


- Динара Ашимовна, бир кесиптешиңиз ата-энесин карылар үйүнө өткөргөндөрдүн тизмесин ЖМКларга жарыялоону сунуштады. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?


- Негизи, мыйзам долбоорун дагы талкуулайбыз. Себеби, бизде жеке маалыматтар тууралуу мыйзам бар да, кээ бир нерселерди өзүнүн мукулдугусуз чыгарууга мүмкүн эмес. Адамдын күнөөсү сотто далилденгенден кийин гана айтса болот деген жагы бар. Ошону биз мыйзам, Конституция менен айкалыштырууга тийишпиз. Бир четинен чараларды көрүү керек, бирок ошол эле учурда кырдаал ар түрдүү болуп калышы мүмкүн да. Алардын дагы жаш балдары бар. Ушулардын баарын эске алабыз.


- Талкуу учурунда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына да токтолушту. Мисалы, Кытайда ата-энесин карабай койгондор абакка камалары айтылды. Карылар үйүндө жашагандар көбөйгөнүнөн улам, балким, ушундай катуу чаралар да керектир?


- Алардын баарын камай бергенде биздин СИЗОлор, түрмөлөр мындан да толуп кетет. Мен ойлойм, коомдук иштерге тартса болот. Ошондой адамдар коомдук жайларды тазаласын. Буюрса, мен мыйзамга өзүмдүн сунуштарымды киргизем. Мыйзам катуу болуш керек, бирок ошол эле учурда башка мыйзамдарды бузбоого тийиш.


- Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сизге кайрылгандар көп болобу?


- Кайрылышат. Юрист болгонум үчүн туура жол көрсөткөнгө аракет кылам. Жети-сегиз адвокаттык конторалар бар, аларга жөнөтөм. Колдон келишинче юридикалык жардам берип атабыз. Бирок, ошол эле учурда биз мыйзамдарыбызды жакшыртпасак, жарым-жартылай гана жардам болуп атат. Көп учурларда жабырлануучулар аял кишилер болууда. Бирок, эркектердин да абалын түшүнүшүбүз керек. Аларга да жардам, экономикалык мүмкүнчүлүк берүүбүз кажет. Чыр-чатактар ошодон көп чыгып атат.


- Зомбулук дегенде биз негизинен аялдарды гана түшүнөбүз. Бирок, зомбулукка туш болгон эркектер дагы бар да, туурабы?


- Ооба. Экономикалык, моралдык зомбулукка туш болгон эркектер көп эле. Ошон үчүн мен жазып жаткан мыйзамда “аял” деп айтылган эмес. “Зомбулукка туш болгон жаран” деп жазып атабыз. Биз эки тарапты тең карашыбыз керек. Себеби, азыр коом өзгөрүлүп аткан мезгил. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн