Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон сатылат

21.02.2023 08:34
252
Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон сатылат

Дыйкандарга күйүүчү-майлоочу май 65 сомдон бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май материалы керектелсе, нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна автобензин бар.


Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан “Red Petroleum” компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде квота райондорго бөлүштүрүлүп, жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады.


Айыл чарба министрлиги күйүүчу май алуу үчүн жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылууну эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн