Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Добуш сатып алган партияны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес, - БШКнын мурдагы мүчөсү

16.09.2020 17:00
1076
Добуш сатып алган партияны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес, - БШКнын мурдагы мүчөсү


Добуш сатып алган партияны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин БШКнын мурдагы мүчөсү  Рашид Бекбасаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, алты жылдын ичинде добуш сатып алуу боюнча бир эле сот процесси болду. 


"Добуш сатып алуу фактысы боюнча партияга күнөөнү коюп, аны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Анткени партиянын өкүлдөрү, үгүт жүргүзгөн адамдарды танып, "бул биздин киши эмес же бул үгүтчүнү атаандаштар атайын биздин топко жиберип коюшуптур" деген жүйөөлөрдү айтышат.


Видео далилдер болгон күндө дагы добуш сатып алуу аракетин жеке адамга шылтап туруп, партия абалдан чыгып кетет. Алты жылдын ичинде добуш сатып алуу фактысы боюнча бир гана иш сотко жетти. Негизи шайлоо учурунда БШКнын сотко кайрылышы абдан сейрек кездешет", - деди ал. 


Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы добуш сатуу, сатып алуу кылмыш экенин, ага кирептер болгон жаран жоопкерчиликке тартылаарын айтып келген. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн