Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Добушуңду сатуу – беш жылдык өмүрүңдү сатканга барабар

13.08.2020 11:20
1287
Добушуңду сатуу – беш жылдык өмүрүңдү сатканга барабар


Акыры ушул жолу ар бирибиздин акылыбызга шайлоодо добуш сатуунун натыйжасы эмнеге жетелеп баратканы даана тартылып келди окшойт. Суверендүү өлкө болгонубуздан бери карай канчалаган парламенттик шайлоолорду өткөрдүк. Адегенде 1990-жылдардын орто чендеринде талапкерлердин бири мүшөктөп ун таратса, экинчиси электр плиталарын таратып калчу. Бул көрүнүш кадимкидей эле ачык-айкын жүрчү. Көрсө, шайлоочулардын добушун сатып алуунун башталышы ушундай болгон экен. Баса, элди чогултуп сөз сүйлөп, анан өзүнүн кишилери аркылуу арак буздуруп бермей да салты болгон. 


Анан бара-бара мүшөк ундар, электр плиталары акчага айлана баштады. Шайлоолордун алдында кадимкидей эле айылдарда үй-үйлөрдү тымызын кыдырып, «Баланчага добуш берип коюңуз, ар бир добушка мынча сомдон беребиз» деген «үгүт» иштери жүрдү. Бир үй-бүлөдө канча шайлоочу болсо, ошолорго эсептеп алдын-ала акча таштап кеткен көрүнүштөрдү да көрдүк. 


Айрым талапкерлер өздөрүнүн айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төктүрүп, трансформатор койдуруп бергени үчүн да депутат болушту. 


Айтор, добуштар сатылып келди. Анын натыйжасы кандай боло турганын өз көзүбүз менен көрдүк, жон терибиз менен сездик. Баягы акча таратып парламентке келген депутаттар өздөрүнүн бизнестерин дагы-да гүлдөтүштү. Ал эми элдин жашоосу баягы итке минген абалынан өзгөргөн жок. Шайлоонун алдында толтура убада берген талапкерлер депутат болгондон кийин эле 4,5 жылга жоголуп кетчү болушту. Анан кайра кезектеги шайлоонун алдында акчаларын даярдап, жылмайып күлүп, сылык-сыпаа болуп эл аралап калышчу болду. 


Добуш сатуунун натыйжасында биз өлкөбүздү өнүктүрө алган жокпуз. Чек ара маселелерин чече албадык. Тескерисинче, айрым жерлерибизди коңшу мамлекеттерге тарттырып жибердик. Парламенттин депутаттык курамынын деңгээлинен өзүбүз уялчу болдук. Демек, ойлоно турган убакыт келди. 


Мына ушул добуш сатуу жагдайы тууралуу убагында маркум Чубак ажы Жалилов да көп айткан. Ал бир жолкусунда минткен экен:  «Кече шайладыңар депутаттарды ээ? Бириңер асфальт салдырдыңар, бириңер газ киргиздирдиңер, бириңер 1000 сомдон пул алдыңар, чынбы? Бириңер тууганчылык кылып шайладыңар, бириңер башка нерсени шайладыңар. Эми ошол депутатыңарга айткыла, мыйзам киргизип берсин деп. Адамдык ыйманына карап шайлабасаң, пулун алып шайласаң, бизге чала болот. Дагы беш жыл кыйнала беребиз. Пулга сатылсаң мына ушундай болот. Газ киргизип бергенине, асфальт коюп бергенине шайладык. Эгер ыйманына карап шайлаганда, ошолор бүгүн мыйзам чыгарат эле. Бизге чала болот, дагы ушинтип жүрөбүз беш жыл. Буга чейин да беш жыл жүргөнбүз, дагы жүрө беребиз».


Эгерде улам беш жылга келечегибизди, өмүрүбүздү сатып жүрө берүүнү каалабасак, анда ушул жолку парламенттик шайлоодо өтө терең ойлонуп добуш берели. Беш жылдык өмүр кайра кайтып келбейт, ал эми добушту сатуу үчүн алган 5000 сомун беш күндө түгөнөт. Добуш сатып алуу менен келген депутат эч качан өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеп бербейт.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн